Биз менен байланышыңыз

Тажик бийлиги дыйкандарды жер салыгынан бошотту

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Янв 2021 | 1189 | 0

Тажикстанда бардык дыйкан чарбалар бир жылдык жер салыгынан бошотулду. Мындай буйрукка президент Эмомали Рахмон кол койгон. Ал салык органдарына бюджетти толтуруунун башка жолдорун карап чыгууну тапшырган.

«Азия Плюс» басылмасынын маалыматында Эмомали Рахмон өлкөнүн парламентиндеги кайрылуусунда дыйкандарды жер салыгынан убактылуу бошотуу темасын козгогон. Мындай жол менен калктын тамак-аш коопсуздугун камсыздоо жана тамак-аштын импортун кыскартууну көздөп жатат.

Тажик президентинин айтымында, мамлекет дыйкандарга бир гана салыкты убактылуу жоюу менен көмөкчү боло алат. Мындай кадамга баруу өлкөнүн казынасына 17 млн долларлык чыгым экенин да эскертип өткөн.

Рахмон белгилегендей, 2021-жыл тамак-аш коопсуздугу коркунуч туудурат. Ал калкты чарбагын (огород) туура пайдаланып, азык-түлүктү камдап алууга чакырды.

«Менин кайрылуумду олуттуу кабыл алгыла жана мага ишенгиле, эмгектенгиле. Эч кимге ишенбегиле. Бул жылы калкты жетиштүү тамак-аш менен камсыздоо кыйынга турат. Мындан улам өкмөт жалаң ушул багытта иш алып барып, калкка жардам беришибиз керек», — деп кошумчалаган Рахмон.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM