Биз менен байланышыңыз

«HBO» компаниясы «Гарри Поттер» сериалын тартат

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Янв 2021 | 647 | 0

Американын «HBO» телекомпаниясы Гарри Поттердин укмуштуу окуяларына негизделген сериал тартат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары билдирди.

Телекомпания жетекчилигинин жергиликтүү басылмаларга берген маалыматы боюнча айтсак, сериал «Warner Brothers» киностудиясы менен биргеликте тартылат. Учурда тасмага түшүрүү идеясы талкууланып, сценарист изделип жатат. Белгилей кетсек, тараптар жөн гана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат, келишим түзүү, макулдашуу сыяктуу расмий этаптар баштала элек.

Ошол эле учурда айрым эксперттер: «Долбоорду ишке ашырууга бир нече жагдайлар тоскоол болушу мүмкүн: «Гарри Поттер» китебинин автору Жоан Кетлин Роулинг сериалды жаратуу идеясын жактырышы керек; андан кийин компаниялар «NBC Universal» медиакорпорациясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек», — деген пикирлерин билдиришүүдө.

2001-жылы Лондон шаарындагы «Одеон» кинотеатрынын алдына британ жазуучусу Жоан Кетлин Роулингдин китептеринин каарманы болгон жаш сыйкырчы Гарри Поттердин айкели тургузулган. Ошондой эле айкелдин ачылышы болгон күнү аталган кинотеатрда романдын негизинде тартылган тасманын бет ачары да өткөн. Ушул сыяктуу эле айкел 2020-жылдын октябрь айында Лондондун борборундагы «Лестер» аянтына да орнотулган.

«Гарри Поттер» романдар сериясы 1997-жылдан 2007-жылга чейин басылып чыккан. Ал негизинен 7 китептен туруп, жалпы 400 миллион нускада жарык көргөн. Андан тышкары дүйнөнүн 65 тилине которулган. Бул боюнча ар бир китепке бирден, акыркы китеби боюнча эки бөлүктүү, жалпы сегиз тасма тартылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM