Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда ушул күндөрү миңден ашык бала бакча иштеп жатат

Кыска кабар | 27 Янв 2021 | 419 | 0

Кыргызстанда ушул күндөрү 1021 бала бакча иштеп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Анын ичинен 633 мамлекеттик жана муниципалдык бала бакча болсо, калган 388и жеке менчик.

Аймактар боюнча алганда:

-Бишкек шаарында 250 жеке менчик, 11 мамлекеттик;

-Ош шаарында 44 мамлекеттик, 20 жеке менчик;

-Талас облусунда 42 мамлекеттик;

-Нарын облусунда 28 мамлекеттик жана муниципалдык, 1 жеке менчик;

-Чүй облусунда 63 мамлекеттик, 45 жеке менчик;

-Ош облусунда 244 мамлекеттик, 21 жеке менчик;

-Жалал-Абад облусунда 55 мамлекеттик, 213 жеке менчик;

-Баткен облусунда 114 мамлекеттик, 21 жеке менчик;

-Ысык-Көл облусунда 32 мамлекеттик, 7 жеке менчик бала бакча иштеп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM