Биз менен байланышыңыз

АКШ Сенаты Дональд Трампка импичмент жарыялоону 9-февралда карайт

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Янв 2021 | 426 | 0

АКШ Конгрессинин Сенаттар палатасы Дональд Трампка импичмент жарыялоо маселесин 9-февралда карай турган болду. Бул чечим бир добуштан кабыл алынганын жергиликтүү маалымат булактары жазды.

Эске салсак, ушул жылдын 6-январында Трамптын тарапташтары АКШда козголоң чыгарып, Капитолийди басып алышкан. Натыйжада эл менен полициянын ортосунда кагылыш чыгып, адамдардын каза болуусуна чейин жеткен.

Мындан улам АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы 13-январда «Дональд Трампка импичмент жарыялоо жөнүндө» декларация кабыл алып, 23-январда Сенаттар палатасына жөнөткөн.

Эгер Өкүлдөр палатасы кабыл алган «Дональд Трампка импичмент жарыялоо жөнүндө» декларация Сенаттар палатасында колдоо тапса, анда Дональд Трамп мамлекеттик кызматтарда иштөө, президенттик кызматтын экинчи мөөнөтүнө ат салышуу укугунан, мамлекет тараптан каралган кээ бир артыкчылыктардан ажырайт. Айрым басылмалар белгилегендей, кийинки этапта экс-президент макамын бербөө боюнча да маселе козголушу мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM