Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан 2025-2029-жылдары тышкы карыз үчүн жылына 400 млн доллардан төлөйт

Кыска кабар | 27 Янв 2021 | 923 | 0
Финансы министри Кыялбек Мукашев

Кыргызстан тышкы карызынын эң жогорку көлөмүн 2025-2029-жылдары төлөйт. Бул мезгилде төлөмдөрдүн өлчөмү жылына 400 млн доллардан ашуун суммага жетет.

Мындай маалыматты Финансы министринин милдетин аткаруучу Кыялбек Мукашев 26-январда президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов менен жолугушууда айтты.

Мамлекеттин тышкы карызы 4,2 млрд доллар, 2020-жылы тышкы карызды төлөөгө 225 млн доллардын тегерегинде каражат бөлүнгөн.

Кыялбек Мукашев жумушчу топ насыяларды төлөөнүн мөөнөттөрүн узартуу боюнча эл аралык институттар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле ички булактардан да каражат изделүүдө, маселен, төлөмдөн баш тартуу боюнча коррупциялык схемаларды көмүскөдөн чыгаруу максатында салык жана бажы органдарынын ишмердүүлүгү фискалдаштырылууда.

Талант Мамытов карыздарды азайтуу, мамлекеттик карызды башкаруу стратегиясына тышкы карызды экология жана энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча долбоорлорго алмашуу механизмдерин карап чыгууну тапшырды.

Министрдин маалыматында, учурда жумушчу топ пандемияга каршы күрөшүүгө бөлүнгөн каражаттын сарпталышын текшерип жатат, Эсеп палатасы да өз корутундусун чыгарат.

Пандемия маалында киргизилген карантиндик чектөөлөр өлкө экономикасына терс таасир этип, анын ичинде мамлекеттик бажы жана салык кызматтарынын кирешелери боюнча 2020-жылдын соңуна белгиленген пландар толук аткарылган жок. Мисалы, чек аралардын жабылышынан улам бажы жыйымдары 5 млрд сомго аз жыйналды.

Copyright © 2017 Maral FM