Биз менен байланышыңыз

Сулуулукка «доо кетирген» пандемия

Блог | 26 Янв 2021 | 1162 | 0

Пандемия сулуулук дүйнөсүнө да өзүнүн таасирин тийгизип, помада рыногун кыйратты. Себеби такай беткап тагынып жүрүү, помадага болгон муктаждыкты азайткан. Ал эми ваннага колдонулуучу жуунучу гель, пеналардын сатылышы айрым өлкөлөрдө 500% өскөн. Коронавирус сулуулук индустриясына дагы кандай өзгөртүүлөрдү алып келди? Бул тууралуу “Аль-Жазиранын” автору Мари Харун өзүнүн анализин жарыялады.

2020-жылы коронавирус көптөгөн ири компаниялардын кирешесин азайтты. Бирок изоляция жаңы адат, жаңы товарларга болгон суроо-талаптын ашуусуна да себеп болууда. Мунун баары салтка айланган сатып алуу моделине пандемиядагы локдаун, психологиялык абал таасир эткенин далилдейт.

Ошол эле учурда, күтүлбөгөн сулуулук каражаттарына же кызмат көрсөтүүлөргө болгон суроо-талап болуп көрбөгөндөй өскөн. Мисалы териге, чачка, бетке кам көрүүчү каражаттардын сатылуусу 234% жогорулаган. Сатып алуучулардын жүрүм-турумундагы мындай олуттуу өзгөрүүлөр, бүтүндөй бир тармакты өзгөртүүгө дуушар кылат.

Косметикалык каражаттарга болгон суроо-талап азайды

Офисте иштегендердин аралыктан иштей баштаганы дезодрант, тиш щеткасы жана чач спрейлеринин сатылуусуна терс таасир тийгизди. Мисалы, Улуу Британияда аталган товарлардын сатылуусу 2019-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 10%га азайган.

Ал эми денеге жана чачка кам көрүүчү косметикалык каражаттар рыногунда жагдай башкача. Ванна үчүн май, пена жана романтикалуу шамдардын сатылуусу тарыхий максимумга жетти. Британиядагы дүкөндөрдө ваннада колдонулуучу каражаттардын сатылуусу 500%га өстү. NPDgroup сайты көз боёгучтарынын (тушь, тень) сатылуусу 3%га жогорулаган. А помадалардын сатылуусу тескерисинче дароо төмөндөп кеткен.

Коронавирус ооз боёгучтардын рыногуна кандай таасир тийгизди?

Пандемия помада рыногун кыйратты. Ооз боёгучтардын сатылуусу мурункуга салыштырмалуу 40%га төмөндөгөн. Эксперттер муну помада индустриясынын тарыхындагы эң начар көрсөткүч деп баалады. Помадалардын аз сатылуусунун себеби, милдеттүү түрдө беткап тагынуу режими дээрлик бардык өлкөгө киргени менен байланыштуу.

Визажисттер

Визажисттер — үйлөнүү үлпөт тойлордун жана массалык иш-чаралардын ажырагыс бир бөлүгү. Ал эми 2020-жылы дээрлик бардык иш-чаралар пандемияга байланыштуу токтотулуп, визажисттер жумушсуз калуу коркунучуна кабылды. Тактап айтканда, декордук косметикага азайган суроо-талап, бул жааттагы кызмат көрсөтүү тармагына да терс таасирин тийгизди.

Пандемия жана пластикалык хирургия

Пластикалык хирург Жейкоб Сейж The Guardian басылмасына берген маегинде, адамдар саякатка жана кийимге акча коротууну азайтып, анын ордуна фитнес жана пластикалык операцияларга жумшап жатканын айтат. Көпчүлүк адамдар мурун бир да жолу медициналык же косметикалык клиникаларга барбаса да, пандемияда мындай кызмат көрсөтүүгө кызыккандардын саны арткан. Сейждин пикиринде ринопластика, жаак пластикасы, филлер жана ботокс багытына болгон суроо-талап өскөн.

Айрым косметикалык процедуралар жасалган соң, өзүнө келгенге чейин шишик же денеде көгала пайда кылат. Мындан улам изоляция көпчүлүк үчүн жогорудагыдай косметикалык процедураларды жасатканга мүмкүнчүлүк болду. Адамдар операциядан кийинки шишик же көгала таркагыча үйүндө отурууга убакыт табышты.

Facial Plastic Surgery & Aesthetic Medicine жарыялаган изилдөөлөргө ылайык, пандемия учурунда пластикалык хирургдарга кайрылгандарын саны бир кыйла өскөн. Айымдар үйдө болгон учурда күзгүгө көп карана турганы жана өзүнүн бет түзүлүшүндөгү кемчиликтерди жоюу үчүн пластикалык операция жасатууга чечим кабыл алууга шарт түзүлгөн, — деп айтылат маалыматта. Ал эми пластикалык хирургдарга кайрылган эркектердин саны мурунку бойдон өзгөрүүсүз калган.

Адамдар ар кайсы себептерден улам, ар кайсы нерселерди сатып алуудан баш тарта баштады. Көпчүлүк убактысынын көбүн үйдө өткөргөндүктөн жаңы адаттар пайда болуп, ден соолукка жана туура тамактанууга байланыштуу товарлардын да сатылуусу арткан. Демек, мындай өзгөрүүлөр мода, сулуулук жана финансы дүйнөсүндө постпандемиялык жаңы баракчанын ачылуусуна себеп болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM