Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы окуучулар үчүн 10 автобус сатып алат

Кыска кабар | 26 Янв 2021 | 920 | 0

Бишкек мэриясы окуучулар үчүн 10 автобус сатып алат. Бул тууралуу шаар башчысынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев мэриянын жыйынында айтты.

Газ менен жүрө турган 10 автобус жалаң окуучуларды ташыйт. Себеби май айынан баштап кичи автобустар жол акысын 15 сомго көтөрүшөт.

Учурда маршруткалар элди күндүз 10 сомго, кечкисин 12 сомго ташыйт. Айдоочулар жол кирени 15 сомго көтөрүүнү талап кылышкан. Алар унаа тетиктери, күйүүчү май кымбаттагандыктан, чыгымдары акталбай жатканын айтышкан.

Балбак Түлөбаев ташып келүүчү компания ээлери менен сүйлөшкөндөн кийин жол кире акысын 15 сомго жогорулатууга макул болгон. Сунуш иштелип чыгып, Экономика министрлигине жиберилген.

Copyright © 2017 Maral FM