Биз менен байланышыңыз

Элеттиктер «Эти Бакыр Терек-Сай» ишканасына нааразылыктарын билдиришти

Кыска кабар | 26 Янв 2021 | 518 | 0

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Чаткал районунун Терек-Сай айылына барды.

Анда «Эти Бакыр Терек-Сай» ишканасынын эски алтын ылгоочу фабрикасындагы саркынды суу чогулган жайдагы кырсыктын себептерин көрдү.

Маалыматка караганда, учурда суу жана топуракта зыяндуу заттардын бар же жоктугун аныктоо боюнча лабораториялык иштер жүрүп жатат.

«Бул багытта атайын комиссия түзүлүп, маселени ар тараптуу калыс иликтөө үчүн жергиликтүү тургундардан да кошулду. Окуянын келип чыгуусуна кайдыгер мамиле жасагандар сөзсүз түрдө мыйзам чегиндеги жоопкерчиликке тартылат. Азыркы учурда кооптуулук жараткан жагдайлар жок. Абалдан чыгуу үчүн тургундардын сабырдуулугу керек. Такталбаган маалыматтардан оолак болуп, мыйзамдан сырт көрүнүштөргө барбоого чакырам. Жашоочулардын ден соолугу биз үчүн да маанилүү», — деди Сыргабаев.

Айыл тургундары кен иштеткен компанияга болгон нааразылыктарын айтып, үймө-үй суу жеткирүү жетишсиз болуп жатканын билдиришти.

Облус башчысы бул маселени чечүүгө ишкана толук жоопкерчилик аларын айтып, тийиштүү тапшырмаларды берди.

23-январь күнү интернетте «Эти Бакыр Терек-Сай» фабрикасында саркынды сууларды сактоочу жай ачылып кеткендиги, химиялык заттар сууга аралашып кеткени тууралуу маалымат тараган.

Ишкана калдыктарды сактоочу жай жарылгандыгы жана цианиддин дарыяга куюлгандыгы тууралуу маалыматты четке каккан.

23-январь күнү саат 16:36да фабриканын саркынды сууларды сактоочу жайы ачылып кеткен. Бул учурда атайын техникалар иштей баштап, саркынды суунун дарыяга кошулуусун алдын алган. «Эти Бакыр Терек-Сай» алтын иштетүү процессинде цианидди колдонбой турганын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM