Биз менен байланышыңыз

Путин хансарайы тууралуу видео боюнча үн катты

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Янв 2021 | 1791 | 0

Орусия президенти Владимир Путин студенттер менен онлайн баарлашууга катышты. Маектин жүрүшүндө студенттердин бири андан Геленжиктеги хансарай тууралуу сурады.

Буга чейин оппозициялык саясатчы Алексей Навальный Путиндин Геленжиктеги хансарайы тууралуу эки сааттык иликтөөсүн жарыялаган. Бул видео 6 күн ичинде дээрлик 90 млн жолу көрүлгөн.

Путин бул тууралуу: «Фильмди көргөн жокмун, анткени ага убактым жок. Бирок жардамчыларым мага алып келген видеолорго бир сыйра көз жүгүрттүм. Ал жерде көрсөтүлгөндөрдүн эч бири мага же жакындарыма тиешелүү эмес, тийиштүү да болгон эмес. Видеодо аты аталган айрым адамдарды тааныйм, айрымдарын такыр билбейт экенмин. Мындай маалыматтар 10 жылдан бери улам чыгып жатат. Эгер чын болсо, ошончо убакыттан бери кандайдыр бир далил көзгө көрүнмөк. Болгону ошол маалыматты азыр жарыялоону туура көрүшүп, адамдардын башын айлантууда.

Видеодо менин баттерфлай ыкмасы менен сүзгөнүмдү да көрсөтүшүптүр. Ооба, мен ошентип сүзгөм, бирок видеодогу мен өмүрүмдө көрбөгөн бассейнде эмес, 2016-жылы Енисейде сууга түшкөм. Видеодо вино өндүрүү боюнча да айтылыптыр. Билесизби, бул кызык идея. Вино өндүрүү — жакшы иш. Бирок мен эч качан ишкерлик менен алектенген эмесмин. Бизнес мени эч убакта кызыктырган эмес. Ооба, ишкердик менен алектенсең, пайда көрүп, мамлекетке да жардам кыласың. Бирок бул мен үчүн эмес. Албетте, менин кесиптештеримдин арасында да ишкерлер бар. Мисалы, Трамп белгилүү бизнесмен. Порошенко президенттик мезгилинде деле ишкерлик кылып, оффшорго акчаларды жөнөтүп турган. Мен дагы бир жолу кайталайм, мен эч убакта мындай иштер менен алектенген эмесмин», — деп билдирген.

Алексей Навальныйдын каналына жарыяланган видеодо Путин үчүн Краснодардын Геленжик аймагында бир канча жылдан бери хансарай салынууда. Ага 1 млрд доллар сарпталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM