Биз менен байланышыңыз

«SpaceX» космос тарыхында рекорд жасады

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Янв 2021 | 546 | 0

24-январда «SpaceX» компаниясы «Falcon-9» ракетасын 143 спутниги менен учурду. Бул космос тарыхында космостук аппараттарды орбитага бир эле мезгилде учуруу боюнча рекорд болуп калды.

Ракета АКШнын чыгыш жээги Флоридадагы космодромдон көтөрүлдү.

Ракетанын бортунда 30 кардардын 143ү, анын ичинде «Starlink» интернетинин 10 спутниги орбитага чыгарылды. Аппараттардын жалпы салмагы 5 тоннаны түзөт.

Баштапкы план боюнча, ракета 23-январда учурулмак, бирок аба ырайына байланыштуу кийинки күнгө жылдырылган.

Ракета учурулгандан тогуз мүнөттөн кийин анын биринчи баскычы Атлантика океанындагы атайын аянтчага түшкөн. Бул кадам буга чейин бир нече жолу колдонулган.

Ошондой эле 20-январда «Falcon-9» ракетасы орбитага 60 «Starlink» спутнигин учурган. Бул — аталган долбоордун алкагындагы он жетинчи каттам. Буга чейин орбитага чыгарылган спутниктердин саны 1013ке жеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM