Биз менен байланышыңыз

Авиабилеттердин баасын жасалма жол менен жогорулаткандар аныкталды

Кыска кабар | 25 Янв 2021 | 2713 | 0

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы туроператорлор тарабынан авиабилеттердин баасы жасалма жол менен кымбаттатылганын аныктады.

Мекеменин маалыматына караганда, учурда авиабилеттердин баасынын негизсиз көтөрүлүп кетиши иликтенүүдө. Териштирүү алкагында, Финполдун кызматкерлери Бишкек шаарындагы авиакассалардын биринен Бишкек-Москва багыты боюнча 67 миң 800 сомдук авиабилетти текшерүү иретинде сатып алышкан.

Анда суроо-талап көп болгондуктан, авиабилеттердин наркы мыйзамсыз жогорулатылганы аныкталган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM