Биз менен байланышыңыз

Зомбулукка кабылгандар үчүн «117» сурап билүү кызматы ишке кирет

Кыска кабар | 23 Янв 2021 | 757 | 0

Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандарды социалдык коргоого алуу үчүн «117» маалыматтык-сурап билүү линиясы иштеп баштайт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Социалдык коргоо боюнча «117» маалыматтык-сурап билүү кызматы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн адистеринин турмуштук оор кырдаалда турган адамдарга, анын ичинде гендердик жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандарга социалдык колдоо көрсөтүү, ошондой эле калк менен кайтарым байланыш түзүү иштерин өркүндөтүү максатында түзүлгөн.

Чалуулар акысыз кабыл алынат. Райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери министрликке байланыштуу бардык маселелер боюнча жарандарга кеңеш берет.

Келечекте «117» кызматы социалдык жардам боюнча корпоративдик маалымат тутуму, ошондой эле мекемелер аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму «Түндүк» менен интеграцияланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM