Биз менен байланышыңыз

Бишкек соту Сооронкулованын БШКга каршы жазган арызын канааттандырган жок

Кыска кабар | 23 Янв 2021 | 675 | 0

Бишкек шаарынын административдик соту ушул жылы мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо президенттикке талапкер болгон, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын Борбордук шайлоо комиссиясына каршы берген арызын бүгүн, 23-январда карап, канааттандыруудан баш тартты. Бул тууралуу судья «Азаттыкка» маалымдаган.

Сооронкулова буга каршы экенин айтып, эми бул боюнча Жогорку Сотко да кайрыла турганын билдирген.

Сооронкулова «Кыргыз Республикасынын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжасын аныктоо жөнүндө» БШКнын токтомун мыйзамсыз деп табуусун суранып сотко кайрылган. Ал буга  Садыр Жапаровдун соттуулугу алына электигине карабай, БШК аны мамлекеттик жогорку кызматка талапкер катары каттаганы мыйзамсыз болгонун жана Жогорку Соттун чечими кайра кароого жатпасын жүйө келтирген.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 20-октябрында Жогорку Соттун маалымат кызматы Садыр Жапаровдун акталганын кабарлаган.

10-январда мөөнөтүнөн мурда өткөн Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун расмий жыйынтыгын БШК 21-январда жарыялап, Садыр Жапаровдун жеңишке жеткенин билдирген.

28-январда Садыр Жапаровдун инаугурациясы өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM