Биз менен байланышыңыз

«Спутник-V» вакцинасын Кыргызстанда чыгаруу сунушталды

Кыска кабар | 23 Янв 2021 | 474 | 0

2021-жылдын 22-январында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев Орусиянын Өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен жолугушту.

Кыргызстандын Орусидагы элчилигинин маалыматына ылайык, жолугушууда Сагынбаев «Спутник-V»  вакцинасын Кыргызстандын аймагында өндүрүүнү уюштуруу мүмкүнчүлүгүн караштыруу сунушун киргизди.

Жеңил өнөр жай ишканаларын өнүктүрүүдө жана Кыргызстанда өндүрүлгөн чийки заттарды экспорттоодо кызматташтыкты чыңдоо маселелери кеңири талкууланды. Тараптар алдыда «өнөр жай картасын» иштеп чыгуу жана кабыл алуу боюнча келишимге жетишти.

Орусия өнөр жай тармагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан алынган жеңилдетилген насыяларды пайдаланууну сунуштады.

Орусиянын Өнөр жай жана соода министри Кыргызстанды 2021-жылы апрель айында Өзбекстанда өтө турган «ИННОПРОМ» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышууга чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM