Биз менен байланышыңыз

«Ош шаарын четинен оңдоп, иретке келтирүү иштери уланат»

Кыска кабар | 23 Янв 2021 | 498 | 0

Ош шаарында 2021-жылы ири долбоорлор уланып, шаарды иретке келтирүү иштери жүрөт. Бул тууралуу шаар мэри Таалайбек Сарыбашев билдирди.

Анын айтымында, Ак-Буура дарыясынын жээктерин бекемдеп, көрктөндүрүү иштери уланат.

Ак-Бууранын жээгин шаардыктар ден соолугун чыңдап, эс алып, сыймыктанып көрсөтө турган жайга айландыруу аракети жүрүүдө.

Быйыл Манас-Ата (ХБК) кичи районунда оңдоо иштери жүрүп, Салиева көчөсү өзгөртүлөт.

Бүгүнкү күндө Салиева көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы мыйзамсыз курулуштар алынып, оңдоо иштерине даярдыктар жүрүп жатат.

«Шаардагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт, маданият тармактарында иштер жүрөт. Элибиздин жардамы менен жакшы максаттарыбызды ишке ашырабыз. Өткөн жылы да пандемияга карабай, алдыга койгон максаттарды ишке ашыра алдык. Биз элдин кызматындабыз», — деди мэр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM