Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл облусунан баңгизат алып жүргөн адам кармалды

Кыска кабар | 23 Янв 2021 | 279 | 0

Ысык-Көл облусунан гашиштин ири партиясы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

Маалым болгондой, УКМК 2021-жылдын 23-январында Ички иштер министрлиги менен биргеликте баңгизаттарды ташуу жана сатуу, мыйзамсыз жүгүртүү каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында Ысык-Көл облусунан 1991-жылы туулган Чүй облусунун тургуну Е.К. кармалды.

Кармалган адамды жана унааны жеке текшерүү учурунда, кочкул күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар «гашиш», жалпы салмагы 400 граммдан ашык 29 брикет табылган.

Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 268-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам Ысык-Көл райондук ИИБинин тергөө камак жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM