Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда ботаникалык бакча ачылат

Кыска кабар | 23 Янв 2021 | 692 | 0

Кыргыз-корей кызматташтыгынын алкагында Кыргызстанда ботаникалык бакча ачылат. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

2021-жылдын 21-январында министрлик Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жана Кореянын Аймактарды өнүктүрүү департаментинин Кыргызстандагы (RDA/KOPIA) өкүлчүлүгү менен биргеликте «Айыл чарба илимдери жана технологиялары жаатында өз ара кызматташуу жөнүндө» меморандумга кол койду.

Меморандумда Улуттук университеттин Ботаникалык бакчасынын базасында «Айыл чарба демонстрациялык талаасы» биргелешкен долбоорун ишке ашыруу каралды.

Долбоор айыл чарба адистерин, студенттерди, окумуштууларды, изилдөөчүлөрдү, дыйкандарды Кореянын акыркы агротехнологиялары менен тааныштырууну жана эки өлкөнүн алдыңкы илимпоздорун тартуу менен жергиликтүү калктын айыл чарба бизнесине болгон кызыгуусун арттырууну максат кылат.

Эки тараптуу кызматташуунун алкагында 2021-жылга төмөнкү долбоорлор каралды:

1) Мал чарбасын жакшыртуу жана асыл тукум малды көбөйтүү программасын иштеп чыгуу (сүт багытында);

2) Алманы кайра иштетүүнүн чакан масштабдагы технологияларын ишке ашыруу;

3) Кореянын порода тоокторун Кыргызстанга киргизүү жана тоок багуунун технологияларын өткөрүп берүү;

4) Инсектициддерге каршы туруу жана зыянкечтерге каршы күрөшүүнү (IPM) изилдөө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM