Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы 22 миң 378 бөтөлкө алкоголдук ичимдикти тартып алды

Кыска кабар | 23 Янв 2021 | 265 | 0

Мамлекеттик салык кызматы Бишкек, Ош шаарлары жана Талас облусундагы рейддик-салыктык көзөмөлдүн жүрүшүндө алкоголдук продукцияны сатуу максатында тийиштүү лицензиясыз жана уруксат берүүчү документтерсиз сактаган фактыларды аныктады.

Мекеменин маалымат кызматы кабарлагандай, мыйзамсыз жүгүртүүдөн ар кандай аталыштагы Бишкек жана Ош шаарларынан 2 миң 441 бөтөлкө, Талас облусунан 19 миң 937 бөтөлкө (жалпы 22 миң 378 бөтөлкө) алкоголдук продукция тартып алынды.

Ишкерлерге мыйзамга ылайык чаралар көрүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM