Биз менен байланышыңыз

Конор Макгрегор менен Дастин Порье беттешет

Кыска кабар , Спорт | 23 Янв 2021 | 1762 | 0

UFC уюмунун экс-чемпиону Конор Макгрегор америкалык Дастин Порье менен эртең 24-январда беттешет. Бул тууралуу UFC уюмунун расмий сайты жарыялады.

Беттеш Абу-Дабидеги «Мушкерлер аралы» спорттук жайында өтөт.

«Реванш расмий белгиленди. Дастин Порье Конор Макгрегор менен 23-январда «UFC-257» мелдешинде кез келет», — деп айтылат маалыматта.

Таймашты онлайн UFC Fight PassWink жана more.tv баракчаларынан түз көрө аласыз.

Эске салсак, ушул жылдын июль айында Макгрегор спорттон кеткенин жар салган. Ирландиялык мушкер америкалык Порье менен буга чейин 2014-жылы беттешип, биринчи эле раундда техникалык нокаут менен уткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM