Биз менен байланышыңыз

Илон Маск 100 млн долларлык сынак жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Янв 2021 | 814 | 0

«Tesla» жана «SpaceХ» компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск көмүр кычкыл газынан көмүртекти бөлүп алуу, сактоо жана пайдалануу боюнча мыкты технология ойлоп тапкандарга 100 млн долларлык сынак жарыялады. Бул тууралуу ал Twitter баракчасына жазды.

«Көмүртекти сактоонун мыкты технологиясы үчүн сыйлыкка 100 миллион доллар берип жатам», — деп жазылган маалыматта.

Ошондой эле мунун себептерин кийинчерээк айтарын комментарийде кошумчалаган.

Көмүртекти сактоо жана пайдалануу — көмүр кычкыл газын (СО2) өнөр жайдан жана электр булактарынан бөлүп алып, сактоочу жайга жеткирип, атмосферадан узак мөөнөткө алыстатуу аркылуу ишке ашкан процесс. Мындагы башкы максат глобалдык жылуулукту турукташтыруу жана айлана-чөйрөнүн булганышынын алдын алуу болуп саналат.

Бул боюнча буга чейин АКШда үч долбоор иштелип чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM