Бишкек мэриясына караштуу капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 17 даана бак-дарак мыйзамсыз кыйылгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан кабарлашты.
Мекеменин Аламүдүн жана Ысык-Ата райондору боюнча башкармалыгына 18-январда Пригородный айыл өкмөтүнөн арыз келип түшкөн.
Анын негизинде, экологиялык коопсуздук боюнча инспекторлор Бишкек мэриясына караштуу капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан бак-дарактар мыйзамсыз кыйылганын аныкташты.
«Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» мыйзамдын, 4-51-53-54-беренелерине ылайык, келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 36067,07 сомдук доо коюлуп, материалдар Аламүдүн районунун Ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.