Биз менен байланышыңыз

«Ак-Сай Дыйкан» базарында 23-24-январда азык-түлүк жарманкеси өтөт

Кыска кабар | 21 Янв 2021 | 754 | 0

«Ак-Сай Дыйкан» соода базарында 23-24-январда азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу базардын жетекчилиги маалымдады.

Жарманкеде:

Уй эти — 380 сом;
Кой эти — 370 сом;
Жумуртка — 8 сом;
Картошка — 21 сом болору айтылды. Ошондой эле ун, чай, май сатуучу фирмалар да катышат. Мындан сырткары жер-жемиштер да арзан баада болот.

«Ак-Сай Дыйкан» соода базары айыл чарба азык-түлүктөрүн өндүрүүчү дыйкандар, фермерлер жана дистрибьютерлерди 23-24-январдагы жана андан кийинки демалыш күндөрү боло турган жарманкеге чакырат. Соода аянтчалары акысыз берилет.

Дареги: Ю. Фучик көчөсү, 45

Телефон: (0550) 93-33-63, (0702) 51-82-82, (0999) 22-03-03.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM