Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматын тапшырды

Кыска кабар | 21 Янв 2021 | 544 | 0

Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматын тапшырды. Бул тууралуу Президенттин аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов журналисттерге берген маалымат жыйында кабарлады.

Анын айтымында, кезексиз президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы чыкканда, Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматынан кетип, азыркы өкмөт отставкага кеткен.

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун Жарлыгы менен Өкмөттун ыйгарым укуктар токтотулду.

Өкмөт мүчөлөрү жаңы курам түзүлгөнгө чейин милдеттерин аткарат. Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин премьер-министрдин милдетин биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков аткарат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM