Биз менен байланышыңыз

«Кут билимдин» окуучусу эл аралык олимпиадада жеңишке жетти

Кыска кабар | 21 Янв 2021 | 1218 | 1

XVII Эл аралык Жаутыков атындагы олимпиадада «Кут билим» окуу-тарбия комплексинин окуучусу Асылбек Исмаилов жеңишке жетти. Бул тууралуу мекеменин социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 8-13-январь күндөрү математика, информатика жана физика сабактары боюнча XVII Эл аралык Жаутыков атындагы олимпиадасы онлайн форматта болуп өттү.

Кыргызстандын тайпасы 40 окуучудан түзүлүп, анын ичине «Кут билимдин» 3 окуучусу да катышып, алардын ичинен Асылбек Исмаилов 3-орунга ээ болуп, коло медаль тагынды.

Олимпиадага 20 өлкөдөн 1000ден ашык окуучу катышкан.

1 пикир

1 пикир

  1. Тайекен Жылдызбек

    21.01.2021 22:26

    Асылбек сага калоом; Ар дайым ак жол, ийгилик, коп жетишкендик, ден-соолук, бакыт коштоп журсун.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM