Биз менен байланышыңыз

Мөөнөтү өткөн таттуулар боор жана бөйрөктү тымызын талкалайт

Ден соолук | 21 Янв 2021 | 3552 | 0

«YouTube» каналы аркылуу жарыяланып келаткан «Не Сахар» долбоору акыркы күндөрү коомчулукта өтө чоң резонанс жаратууда. Көрсөтүүнүн ар бир чыгарылышында супермаркет, базар, соода түйүндөрдөгү азык-түлүктөр жана тамак-аш жасаган жайлар текшерүүгө алынат.

Журналист Эрулан Көкүлов 2,5 жылдан бери аталган телевизиондук долбоор аркылуу шылуун сатуучулардын көз боёмо аракеттерин ачыктап, «YouTube» каналына жарыялап келет. Журналист азык-түлүк тармагында одоно мүчүлүштүктөр болуп жатса да, бул багытта тиешелүү органдар эч кандай чара көрбөгөнүнө нааразы. Автордун айтымында, акыркы текшерүүдө жарамдуулук мөөнөтү 3-4 жыл мурда эле өтүп кеткен кондитердик азыктардын чыккан күнү кайрадан оңдолуп, сатыкка коюлганын тартып алган. Көкүлов ушундай адамгерчиликке жатпаган жагдайлар таттууну өзгөчө сүйүп жеген жеткинчектердин ар кандай ооруга чалдыгуусуна алып келерин айтып тынчсызданат.

Журналистикага кадамын блогерликтен баштаган Эрулан аз убакыт аралыгында долбоор аркылуу бир канча мыйзамсыз иштин бетин ачып, элге азык-түлүк дүйнөсүндөгү башаламандыкты ачыктаганга үлгүргөн. Кыска мөөнөттүн ичинде долбоор коомчулукта оң пикирлерге арзыганын, эл колдоп жатканын журналист белгилейт.

«Бул абдан чоң маселе. Кичинекей 5-6 адамдан турган «Не Сахар» долбоору чоң маселелерди көтөрүп, ачыктап жатат. Ошол эле учурда мамлекеттик органдар биз кыйраттык деп мактанып жатышат, бирок алар кылган жумуш долбоордун бир эле сериясы десем болот. Биз санэпидкөзөмөл кыла турган жумушту аткарып келе жатабыз».

Алып баруучу долбоордун ишмердүүлүгүнө мамлекеттик органдардан азыркы күндө бир гана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы көмөк көрсөтүп жатканын билдирди. Аталган мекеменин басма сөз кызматкери Анастасия Пискур Эрулан Көкүлов менен биргеликте бир нече мыйзамсыз иштин бети ачып, бүгүнкү күндө сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканын маалымдады. Катчы 2021-жылдын 12-январында көп санда мөөнөтүнөн өтүп кеткен азыктар сакталган жай аныкталганын айтып, соодагерлерди, бизнес өкүлдөрүн акча табууну көздөп, карапайым элдин ден соолугуна зыян тийгизбөөгө чакырды.

«Аталган азык-түлүк сакталган жайларда чоң көлөмдөгү мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктардын чыккан датасы өзгөртүлүп, кайра эле жаңы дата менен сатыкка чыгат экен. Таң калтырганы, ал жакта жадагалса сактоо мөөнөтү өтүп кеткен азыктардын 2019-жылдан баштап, 2015-жылга чейинки түрлөрү жүрөт. Бул жерде конфет, печенье, ар кандай балдар сүйүп ичкен суусундуктар, мармелад өңдүү бир топ кондитердик азыктар жүрөт. Текшерүүнүн жүрүшүндө, датаны өзгөртүп, кайра жазган атайын техника табылды. Бул акыркысы эмес, биз бул багытта, аталган долбоор менен көп ревизия кылганга белсенип турабыз». 

Ал эми дарыгер Үмүт Сатыбалдиева сактоо мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктарды жеген адамдарда бөйрөк жана боор оорусу пайда болорун эскертти. Дарыгердин айтымында, ал дароо эле байкалбайт, бирок бара-бара ден соолукка зыян алып келет. Ошондой эле мөөнөтүнөн өтүп кеткен конфет, печенье азыктарын көп жеген балдардын денесине ар кандай кызыл бүдүрлөр чыгып, алсыроо пайда болот.

«Алардын курамындагы химиялык элементтер бир канча убакыттан кийин байкалып, боор жана бөйрөккө таасир этет. Ошол эле кондитердик азыктардын, конфет, шоколад, мармелад, печенье өңдүү азыктарда нымдуулук азыраак болгондуктан, сактоо мөөнөтү көбүрөөк болот. Көпчүлүк учурда жаш балдар аны аңдап түшүнбөйт. Бул учурда ата-энелер өзгөчө көңүл буруусу зарыл». 

Ал эми диетологдор мөөнөтү өткөнү бул жакта калсын, ар кандай кошулма заттарга толгон азыктар жайнап кеткенин айтышып, мындан улам бардык азыктарды өтө кылдаттык менен текшерип, ылгап сатып алууну сунуштайт. Ошондой эле адистер оозго кирген ар бир азык адамдын ден соолугунан баштап, аң-сезимине чейин таасирин тийгизерин эскертишет.

Эске салсак, буга чейин долбоордун акыркы чыгарылышында Эрулан Көкүлов чыгармачыл топ менен борбордо жайгашкан тез татым түйүндөрүн текшерүүдөн өткөргөн. Ал жайдын жетекчиси журналистке өзү байланышып, коомчулукка кандай шартта даярдалган тамак-ашты сунуштап жатканын көрсөтүп берген.

Copyright © 2017 Maral FM