Биз менен байланышыңыз

Орусия эл аралык уюмдарды Украинанын тил саясатына көңүл бурууга чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Янв 2021 | 601 | 0

Орусиянын Федералдык Кеңеши эл аралык уюмдарды Украинадагы тил мыйзамына көңүл бурууга жана муну Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун, Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясында кароого чакырды. Бул тууралуу «РИА Новости» маалымат агенттиги жазды.

Белгилей кетсек, Украинада 6-январдан тарта тейлөө тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдү орус тилинде жүргүзүүгө тыюу салган мыйзам күчүнө кирген.  Мындай тыюу салуу 2019-жылдын 25-апрелинде Украина Жогорку Радасы тарабынан кабыл алынган «Украин тилинин мамлекеттик тил катары иштешин камсыз кылуу жөнүндө» Мыйзамга ылайык жүргүзүлөрү, мындан ары бардык тейлөөчүлөр менчигинин түрүнө карабастан, кызмат көрсөтүүлөрүн украин тилинде гана жүргүзүүгө милдеттүү экени, аталган мыйзамдын эрежелери бузулган учурда атайын айып пулдар да каралары эскертилген.

Бул маселе бүгүн, 20-январда өткөн Орусия Федералдык Кеңешинин жалпы жыйынында каралды. Орусия парламентарийлери аталган мыйзамдын айрым ченемдерин орус тилдүү жарандардын жана улуттук азчылыктын укугун одоно бузуу катары баалап, бир катар эл аралык жана дүйнөлүк уюмдарга кайрылуу жасашты.

«Орусия Украинада орус тилдүү жарандардын укуктарынын одоно бузулуп жатканына тынчсыздануусун билдирип, бул көйгөйдү Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун жана Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясында талкуулоону зарыл деп эсептейт. Ошондой эле зордук менен украиндештирүүгө болгон аракет Донбасстагы ички чатактын чыгуусуна себеп болгонун эскертебиз. Мындан тышкары АКШда жана бир катар Европа өлкөлөрүндө улутчул күчтөр кескин сынга кабылып жатканын билдиребиз. А бирок Батыш күчтөрү биздин коңшу мамлекеттер аркылуу Орусияга каршы радикалдуу саясат жүргүзүп, улутчулдуктун бардык түрлөрүнө «сый акы» берип жатат. Украина бийлиги улутчул күчтөргө, өлкөдө бардык деңгээлдеги бийлик органдарынын активдүү жардамы менен өнүгүп жаткан шовинизмге жана этностор аралык кастыкка туруштук бере албай калды», — деп айтылат кайрылууда.

Федералдык Кеңеш бул мыйзам мурунку президенттин тушунда иштелип чыкканын белгилеп, 2014-жылы Украинада болгон мамлекеттик төңкөрүш тышкы күчтөргө, АКШга жана Европа Биримдигине болгон көз карандылыктын кесепетинен келип чыкканын учурдагы президент Владимир Зеленскийге эскертип, мыйзамды Башмыйзамдын чегинде бардык улуттун талаптарын эске алуу менен кайра карап чыгууга үндөдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM