Биз менен байланышыңыз

АКШ: Дональд Трамп абактагы 73 адамга мунапыс жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Янв 2021 | 801 | 0

Кызматын бүгүн тапшырган АКШнын президенти Дональд Трамп мөөнөтүнүн акыркы күндөрүндө абактагы 73 адамга мунапыс жарыялап, дагы 70 адамдын жазасын жеңилдетти. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары кабарлады.

Мунапыска илингендердин тизмесинде Трамптын мурдагы кеңешчиси Стивен Бэннон, АКШ чет өлкөлүк тыңчы катары айыптаган орусиялык Мария Бутинанын көңүлдөшү, мыйзамсыз акча адалдоо жана алдамчылык боюнча соттолгон Пол Эриксон, реперлер Лил Уэйн жана Кодак Блэк, Трамптын бизнес долбоорун уурдап, атаандаштарына сатып жиберген деген айып менен камалган, «Google» компаниясынын инженери Энтони Левандовски сыяктуу адамдар да бар экени маалымдалды.

Америка маалымат булактары Трамп алгач өзүнө, үй-бүлөсүнө, айрым «республикачыларга» мунапыс жарыялайт деп күтүшкөнүн, иш жүзүндө андай болбой калганын жазышты. «Reuters» агенттигинин берген маалыматына караганда, Трампты буга Ак үйдүн юристтери көндүрүшкөн. АКШ Президенттик  администрациясынын юрист кеңешчиси Пэт Чиполлоне: «Импичменттин жарыялануусу Трампты кооптуу абалга калтырды. Бул иштер кандайдыр бир деңгээлде күнөөсүн моюнга алуу катары да каралат», — деп билдирген.

Мунапыс — президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин аткара бере турган милдеттеринин бири. АКШда президенттин мунапысы боюнча эч кандай доо коюлбайт. Мындай укукту буга чейин да бир катар президенттер колдонуп келген.

Аныгында, Дональд Трамп абактагыларга мунапыс жарыялоосун Рождество майрамына чейин эле баштаган. Бирок 6-январдагы Трамптын тарапташтарынын Капитолийди басып алуусунан кийин иш үзгүлтүккө учурап калган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM