Биз менен байланышыңыз

Филипп Киркоровдун Литвага кирүүсүнө тыюу салынды

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Янв 2021 | 605 | 0

Орусиянын атактуу эстрада ырчысы Филипп Киркоровдун Литвага кирүүсүнө 5 жылга тыюу салынды. Бул тууралуу «Интерфакс» маалымат агенттиги Литванын Ички иштер министри Агне Билотайтенин билдирүүсүнө таянып жазды.

Маалым болгондой, Литва бийлигинин мындай чечимге келүүсүнө аталган музыканттын Орусия бийлигинин Крым жарым аралын каратып алуусун (аннексия) ачык колдоп чыкканы себеп болгон. Ал аталган аймакка койгон концерттеринде бир нече ирет жергиликтүү элди Орусияга кошулууга үндөгөн. Мындан улам ырчы «кара тизмеге» күмөнсүз кирүүчүлөрдүн катарын толуктаган. Ал эми Филипп Киркоров бул боюнча пикирин билдире электигин айтат «Интерфакс» маалымат булагы.

Филипп Киркоровду Литвага киргизбөө боюнча чакырыкты буга чейин өлкөнүн Тышкы иштер министри Габриэлюс Ландсбергис да жасаган болчу. Себеби аталган мамлекетке пландалган Киркоровдун концерти өтпөй калганы үчүн уюштуруучулар Литва Маданият кеңешинен субсидия алышкан. Муну министр мыйзамсыз аракет катары баалаган.

Белгилей кетсек, Литва бийлигинин мындай тыюу салуусу алгач ирет болуп жаткан жок. 2019-жылы да «орус империализминин жактоочулары» деген айып менен Григорий Лепстин өлкөгө кирүүсүнө таптакыр тыюу салынса,  Иосиф Кобзон, Олег Газманов, Валериянын кирүүсүнө 5 жылга тыюу салынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM