Биз менен байланышыңыз

Окуу китептериндеги каталарга бөгөт коюлат

Мектептердеги окуу китептери эми сапаттуу жана катасыз басылып чыгат. Бул милдет Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Окуу китеби» борборуна жүктөлүп, ага байланыштуу атайын жобо иштелип чыкты. Эми аталган мекеме өлкөдөгү бардык окуу китептерин көзөмөлгө алып, 4 баскычтан турган текшерүүдөн өткөрөт. Бул боюнча бүгүн атайын иш-чара өттү.

Билим берүү тармагында 36 жылдан бери эмгектенип келген педогог, география сабагы боюнча окуу китебинин автору Калиман Жунашалиева «Окуу китеби» борбору иштеп чыккан жобого жогорку баасын берди. Анын айтымында, бул — өлкөдөгү билим берүү тармагын өнүктүрүү үчүн жасалып жаткан кадамдардын эң ириси. Педагог эми окуу китептеринде ар дайым көнүмүш адатка айланган каталарга чекит коюларына ишенип турганын билдирди.

«Мен ишенип турам. Себеп дегенде бул борбордун жасай турган ишин жана колубузга тийген жобону карасак, эксперттердин базасы түзүлөт экен. Бул — жакшы нерсе. Ал эксперттер илимий тармактагы тажрыйбалуу мугалимдерден турат экен. Экинчиден, алар китептин авторлорун атайын окуудан өткөрөбүз деп жатышат. Жана ошондой эле окуу китептин сапатына, ал китепти басып чыгарган басмакана  жооптуу болот. Басмакана сунуштаган китепти министрлик текшерип, жарайт же жарабайт деген баасын берет». 

«Окуу китеби» борборунун жетекчиси болуп Кыялбек Акматов дайындалган. Ал окуу китептерин чыгаруу боюнча бизге төмөнкүлөрдү маалымдады:

«Окуу китептери, окуу-усулдук комплекстер мындан ары экспертизанын 4 түрүнөн өтөт. Биринчи — илимий экспертиза, андан кийин илимий-педогогикалык экспертиза, гендердик экспертиза жана акыркы баскыч педогогикалык-практикалык экспертизадан өтөт. Текшерүүнү көз карандысыз эксперттер жүргүзөт. Алар алдын ала даярдалып, сертификацияланат. Ар бир эксперттин бүтүмүнөн кийин, ошол китептер оңдолуп, кемчиликтери жоюлуп, басма үйлөрү менен биргеликте иш жүргүзүлөт. Акырында коомго, окуучуларга, келечек муунга сапаттуу китептер чыгарылат». 

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекованын берген маалыматына караганда, бул багытта 2016-жылдан бери иш жүргүзүлүп келет. Андагы демилгелер эми аныкталды. Мындан кийин толук кандуу текшерүүдөн өтпөгөн китептердин саны кыскартылып, окуу китептеринин сапатына өзгөчө көңүл бурулат.

«Биз «Окуу китеби» борборун түздүк. Эми бул борбор «тигил же бул уюм ушундай чыгарды» деген сыяктуу жоопторду айта албайт. Бул жерде баары так жана ачык болот. Анткени жободо бардыгы туура аныкталды. Эми сапаттуу китептер басылып чыгарылат. Мектептерге катасыз жаңы муундагы китептерди жеткирүү үчүн 2016-жылдан бери аткарылган иш мына бүгүн аныкталып турат». 

«Bugupress» басма үйүнүн жетекчиси Жаныбек Абидетегин иштелип чыккан жободо китептин сапатына гана көңүл бурулбастан, мектептерге окуу китебин тандоо мүмкүнчүлүгүн бергенин абдан жакшы демилге катары баалады.

«Мисалы, бир мектеп кааласа биринчи, кааласа экинчи автордун китебин окуйт. Бул чыгармачылык жактан авторлорго мүмкүнчүлүк, мектептерге тандоо укугун берип жатат деген сөз. Бул жакшы нерсе деп ойлойм». 

Эскерте кетсек, буга чейин окуу китептерин Кыргыз билим берүү академиясы текшерип келген. Эми Билим берүү академиясы окуу-усулдук колдонмолорду гана экспертизадан өткөрөт. Ал эми окуу китептеринин сапаты боюнча «Окуу китеби» борбору толук жоопкерчилик алат.

Copyright © 2017 Maral FM