Окуучулар арасында мектеп шартында коронавирус жуктуруп алган учур катталган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Анын айтымында, мектеп окуучулар этап-этабы менен окууга бара башташты.
«Толук окуп жаткан мектептер да бар. Ал жерден бир-эки мугалимден коронавирус чыгып калып жатат. Окуучулар арасында мектеп шартында коронавирс жуктуруп алган учур катталган жок. Көзөмөл катуу болууда. Бишкекте да окуучулар мектепке бара баштады. Ата-энелер балдарын мектепке барардын алдында жана келгенде ден соолугун карап коюшу керек», — дейт Үсөнбаев.
Эгер балдар арасында вирус катталбай турган болсо, мектептердин баары кадимки тартипке өткөрүлө баштайт.