Биз менен байланышыңыз

Дүйнөнү пластик таштандыга толтурган компаниялардын рейтинги жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Янв 2021 | 589 | 0

«Break Free From Plastic» көз карандысыз уюмунун маалыматында жаратылышка зыян келтирген ири компаниялардын сап башында үч жылдан бери «Coca-Cola», «PepsiCo» жана «Nestle» компаниялары келе жатат. Ошондой эле баштапкы бешилтикке «Unilever» жана «Mondelez International» компаниялары да кирген.

«Break Free From Plastic» уюму жыл сайын планетаны пластик таштандыларга толтурган белгилүү бренддердин рейтингин түзүп, алар тууралуу документтерди топтоо боюнча жарандык демилгелерди көтөрүп чыгат. 2020-жылда жасалган изилдөөлөр боюнча дүйнөнүн 55 мамлекетинде 346494 даана пластик калдыктары чогултулуп, алардын кайсы компаниянын өндүрүмү экени изилденген.

«Дүйнөдөгү белгилүү бренддер экологияга зыянды азайтуу боюнча бир катар убадаларды бергенине карабай, өзгөрүү жок», — деп айтылат маалыматта. Анын айынан деңиз жана океандын жээктери пластик таштандыга толуп калууда.

2020-жылдагы изилдөөлөргө ылайык, «Coca-Cola» компаниясынын өндүрүмдөрү экологияга эң көп зыян келтиргендердин сап башына чыкты. Тагыраак айтканда, дүйнөнүн 51 мамлекетинде изилденген таштандылардын баарында «Coca-Cola» өндүрүмдөрүнүн пластик идиштери табылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM