Биз менен байланышыңыз

Сахара чөлүнө кар жаады (фото)

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Янв 2021 | 1021 | 0

Дүйнөдөгү эң чоң Сахара чөлүнө кар жаады. Бул тууралуу фотограф Карим Бучетата Instagram баракчасында жазып, сүрөттөрүн чыгарды.

Маалыматка ылайык, фотограф Альжирдеги Айн-Сафра шаарына жакын жерде кар каптаган чөлдүн сүрөттөрүн жарыялады. Ошондой эле Сауд Арабиянын батышындагы Табук шаарына жакын жердеги чөлдө да кар жааганын сүрөткө тарткан.

Айн-Сафра шаары Сахара чөлүнүн четинде жайгашкандыктан, «Чөл дарбазасы» деген да аталышы менен белгилүү. Бул аймакка 2017-2018-жылы да кышында ушундай кар түшкөн болчу. Ал эми эң көп кар жааган аба ырайы 1979-жылы катталган.

«The Sun» басылмасынын маалыматында, Сахара чөлүндөгү аба ырайы ысык мезгилде +50 даражага чейин жетсе, суук мезгилде +12 даража. Бирок быйыл аба ырайы 0 градустан да төмөндөп кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM