Биз менен байланышыңыз

Навальныйдын кармалышы саясий куугунтук катары бааланууда

Дүйнө , Саясат | 18 Янв 2021 | 668 | 0

17-январдын кечинде Путиндин «№ 1 душманы» аталган оппозиционер саясатчы Алексей Навальный Берлинден Москвага учуп келди. Анын келишин күткөн тарапташтары жана журналисттер «Внуково» аэропортунда чогулушкан. Бирок Навальный келе жаткан «Победа» авиакомпаниясынын учагына «Шереметьево» аба майданына гана конууга уруксат берилди. Бул учурда «Внуководо» саясатчынын тарапташтарын жапырт кармоолор жүрүп жатса, өзүн «Шереметьеводо» полиция алып кетти.

Кармалгандардын арасында Навальный өзү түзгөн Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун кызматкери Любовь Соболь жана бир катар журналисттер да бар эле. Полиция кармап кетер алдында Навальный журналисттерге билдирүү жасаганга үлгүрдү.

«Мен өз Мекениме келдим. Азыр эч кимден корккон жокмун. Үйгө тынч барарыма ишенем. Анткени мыйзам алдында мен тазамын». 

Алексей Навальный кармалгандан кийин анын штабынын жетекчиси Леонид Волков «Дождь» телеканалына билдирүү жасады:

«Полиция Навальныйды 48 саатка чейин кармай алат. Бул учурда толук түрдө жакындары, адвокаты менен көрүшүүгө укугу бар. Бирок кармоо үчүн негиз көрсөтүлүшү керек да. Кандай негизде кармалганын биз азыр өзүбүз түшүнбөй турабыз. Анткени ага карата саясий негизде козголгон иштер абдан көп. Ошондуктан алдын ала жыйынтык чыгарбай, бир аз күтүшүбүз керек».

Саясатчынын кармалышын эл аралык уюмдар, айрым маалымат каражаттары «саясий туткундоо» атады. «The New York Times» басылмасы: «Навальный орусиялыктар үчүн чыныгы каарманга айланды, бул көрүнүшкө Путин абдан кооптонуп жатат», — деп жазды.

Окуянын жүрүшүнө Кыргызстан да байкоо салып турган чагы. Саясат талдоочу Алмаз Тажыбай Алексей Навальныйды Орусия жарандары колдоорун айтып, коррупцияга каршы фонддун жетекчисинин (Навальныйдын) өзүнө күнөө тагып, кармап кетишин саясий куугунтук катары баалады.

«Навальныйдын иликтөөсүндө Путиндин бийлигиндегилер чоң коррупциялык ишке катыштыгы бардыгы айтылса болбой, кайра өзүн камап салуусу кызыктай иш болуп жатат. Навальный орусиялыктардын арасында популярдуу, бирок биздеги тажрыйбадай эле аны мамлекеттик маалымат каражаттары чагылдырбайт. Анын кечээги кармалышында өзү жана тарапташтары ызы-чуу кылбай, тынч болуп, маданиятуулугун көргөздү. Бирок бул ачык эле саясий куугунтук экендиги байкалып турат».

Орусиялык саясат таануучу Глеб Павловский болсо, Навальныйга карата саясий куугунтук болсо да, Путин эми эч кандай чара көрө албасын айтат.

«Путин эми эмне кыла алат? Эч нерсе. Анткени бул чоң оюндун көңүл чордонунда Навальный болуп калды. Бирок анын мындан аркы тагдырын чечүү турат. Аны тез аранын ичиде оозун жабууга аракет көрүлүшү мүмкүн. Бирок эч ким анте албайт. Анткени бул оюн аянтын Навальный өзү түздү, өзү чечим жасады. Аны атайын кызматтын алдыңкы адамдарынан турган кеңешме чечиши мүмкүн, бул — жийиркеничтүү көрүнүш».

Алексей Навальныйга бүгүн дүйшөмбүдө уурдоо, алдамчылык жана коррупция беренеси менен айыпталганы белгилүү болду. Оппозициячыл саясатчынын кармалышы боюнча Орусия Президентинин аппараты эч кандай билдирүү жасай элек.

Алексей Навальный өзү негиздеген Коррупцияга каршы фонддун жемкорлук боюнча жасаган ири иликтөөлөрүндө мындай иштерге Владимир Путин жана анын айланасындагылардын катышы бар экенин баса белгилеп келет.

Саясатчы 2020-жылы 20-августта Томск шаарынан Москвага учар алдында эси танып, тез жардам унаасы алып кеткен. Ошондон көп өтпөй Германиянын ооруканасына которулган. Дарыгерлердин берген маалыматына караганда, аны атайын химиялык зат менен ууландырышкан.

Даярдаган: Азамат Асанбеков

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM