Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдө 2 миллион адам коронавирустан каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Янв 2021 | 751 | 0

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, дүйнөдө COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 16-январда 93 миллион 816 миңден ашты. Оорудан каза тапкандардын саны 2 миллион 8 миңден ашты.

Каза тапкандардын басымдуу бөлүгү АКШда — дээрлик 390 миң. Андан кийин Бразилия — 207 миң, Индия — 150 миңден ашат.

Коронавирустун жаңы штаммы жайылып жаткандыктан, Франция 16-январдан тартып бүткүл өлкө боюнча коменданттык саат киргизүүдө.

2021-жылдын башынан тартып АКШ жана Европа Биримдигинин өлкөлөрүндө «Pfizer/BioNTech» жана «Moderna» вакциналары, Орусияда «Спутник V», «ЭпиВак-Корона» вакциналары, Кытайда да жергиликтүү вакциналар эмдөөдө колдонулуп жатат.

Ал эми коронавирустун жаңы штаммы – мутацияланган түрлөрү Улуу Британияда, андан соң Швейцария, Словакия, Румыния сыяктуу Европа өлкөлөрүндө, акыркы жумада Орусияда аныкталган. Мындан тышкары коронавирустун дагы бир башка түрү Жапонияда аныкталган. Ал Бразилиядан келген болушу ыктымал экени айтылууда. Токиодо 7-февралга чейин өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM