Биз менен байланышыңыз

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер кызматкерлери атайын окуудан өттү

Кыска кабар | 16 Янв 2021 | 490 | 0

Бүгүн, 16-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер кызматкерлери атайын окуудан өттү. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Окуу 2021-окуу жылына карата иш-чараларынын планына ылайык, аскер кызматкерлердин күжүрмөн даярдыгынын жана тажрыйбаларын жогорулатуу максатында өткөрүлдү.

Окуу-машыгуу иштерине ӨКМдин Ош шаарындагы борбордук аппаратынын, Ош шаардык жана облустук башкармалыктарынын, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун жана куткаруу отрядынын кызматкерлери катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM