Биз менен байланышыңыз

Прокуратура Навальный келген күнү элди чогулбоого чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Янв 2021 | 640 | 0

Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный Инстаграм баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасап, эртең, 17-январда Германиядан «Победа» учагы менен Москва шаарынын «Внуково» аэропортуна келерин маалымдады.

Тарапташтары аны тосуп алуу иш-чарасын уюштуруп жатканы, ага эки миңдей адам катышары кабарланды. Ошондой эле аэропортко Навальныйга каршылар да барат деген маалыматтар айтылууда.

Москва прокуратурасы массалык иш-чараларды уюштуруу мыйзамсыз экенин эскертип, 17-январда элди чогулбоого чакырды.

Алексей Навальный 2020-жылдын 20-августунда Орусиянын Томск шаарынан Москва шаарына учар алдында эс-учун жоготуп, ооруканага түшкөн. 22-августта атайын учак менен Германиянын Берлин шаарына жеткирилген. Дарыгерлер Навальный тыюу салынган химиялык зат менен ууландырылганын айтышкан.

14-декабрда «Bellingcat» иликтөө тобу жана «The Insider» басылмасы Навальныйдын ууландырылышы тууралуу иликтөө чыгарган. Анда кол салууга аралашкан болушу керек деген орусиялык атайын кызматта иштеген бир нече адамдын аты аталган.

Орусиянын Тергөө комитети 29-декабрда Алексей Навальныйга өзгөчө ири суммада көз боёмочулук кылган деген шек менен кылмыш ишин козгогон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM