Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 19-январга чейин күн жылуу болот

Кыска кабар | 16 Янв 2021 | 355 | 0

Кыргызгидромет маалымат борбору Кыргызстандын аймагында 16-январдан 19-январга чейин күтүлгөн аба ырайынын болжолун билдирди.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы:

16-18-январда жана 19-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

19-январда күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы:

16-19-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы:

16-18-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

19-январда түнкүсүн Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.

Жолдор тоң, тайгак болот.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы:

16-19-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы:

15-19-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы:

15-19-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, 16-январда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

20-21-январда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба ырайынын жакындатылган болжолдоосу:

20-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

21-январда Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM