Биз менен байланышыңыз

Орусия «Ачык асман» келишиминен чыгарын жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Янв 2021 | 3748 | 0

Орусия «Ачык асман» келишиминен чыгарын аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги расмий сайтына жарыялады.

Орусия «болбогон шылтоо менен» келишимден чыгып кеткени үчүн АКШны айыптап, бул аракет келишимге келген өлкөлөрдүн ортосундагы тең салмакты бузганын, ишти андан ары улантууга олуттуу зыяны тийгенин айткан.

Маалыматка таянып айтсак, келишимдин шарттарын сактап калуу үчүн жасаган Орусиянын аракетин башка өлкөлөр колдоого алган эмес. Мындан улам келишимдин иштөөсүнө болгон тоскоолдуктарды жоюу аракеттери көрүлбөгөнүнө байланыштуу Тышкы иштер министрлигине келишимден чыгуу процедураларынын башталганын жарыялоо укугу берилгенин билдирди.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 22-ноябрында АКШ бул келишимден чыгып кеткенин маалымдаган. Алар буга «келишимдин шарттарын одоно бузду» деп, Орусия тарапты айыптаган.

«Ачык асман» келишими 1992-жылы кабыл алынып, ага Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмуна (ЕККУ) мүчө 23 мамлекеттин өкүлдөрү Хельсинки шаарында кол койгон. Ачык асман боюнча келишимдин эң башкы максаты — ага мүчө болгон мамлекеттер ортосунда учууларды жасоого мүмкүндүк берүү, аба коопсуздугун сактоону көзөмөлгө алуу болуп саналат. Ошондой эле өлкөлөр бири-биринин аскердик күчүнө көз салып турууга укук алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM