Биз менен байланышыңыз

Ошто «Мен мугалим болгум келет» эссе сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Кыска кабар | 16 Янв 2021 | 675 | 0

15-январда Ош шаарында Казакстандагы Назарбаев университетинин Жогорку билим берүү мектебинин профессору Дүйшөн Шаматов тарабынан уюштурулган «Мен мугалим болгум келет» республикалык эссе сынагынын түштүк аймагындагы жеңүчүүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

Салтанаттуу аземге окуучулар, алардын ата-энелери жана мугалимдери катышты. Окуучулардын жазган эсселери, жалпы эле сынактын жүрүшү, максаты тууралуу айтылып, мугалимдик кесиптин түйшүктүү, ары кызыктуу экендиги, айрыкча, онлайн окууда мугалимдердин жапатырмак жаш муунга үзгүлтүксүз билим бергени тууралуу пикирлер, ыраазычылыктар билдирилди.

Аземдин жүрүшүндө жеңүүчүлөргө дипломдор, китептер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Ушундай эле азем 18-январда Бишкек шаарында да өтөт. Анда жергебиздин түндүк аймагындагы окуучулар сыйланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM