Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абаддагы «Тазалыктын» кызматкерине кол көтөргөн жаран кармалды

Кыска кабар | 16 Янв 2021 | 514 | 0

Жалал-Абад шаарындагы «Тазалык» ишканасынын жумушчусуна кол көтөргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 24-декабрынын таңында Жалал-Абад шаарынын аймагын тазалоого чыккан Маргуба Хакимова аттуу «Тазалык» ишканасынын жумушчусун 25-30 жаштардагы белгисиз жаран уруп-сабап, окуя болгон жерден качып кеткен. Аталган окуя боюнча жабырлануучу Жалал-Абад шаардык Ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылып, факты Кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) менен катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Сузак районунун 30 жаштагы тургуну 15-январда колго түшүрүлгөн. Жабырлануучу шектүнү тааныган. Бирок кайра мурдакы арызын кайтарып алып, доом жок деген тосмо арыз жазып берген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM