Биз менен байланышыңыз

Кылмыштуу топтун мүчөсү деген шек менен Жантай Шаменов колго түштү

Кыска кабар | 16 Янв 2021 | 909 | 0

Кылмыштуу топтун мүчөсү деген шек менен Жантай Шаменов кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

УКМКнын жана ИИМдин кылмыштуу топторго каршы күрөш жүргүзүү операциясынын алкагында аталган топтун мүчөсү делип шектелип, Жантай Шаменов 15-январдын кечинде Чүй облусунун аймагынан колго түшүрүлгөн.

Кармалган жаран Кылмыш-жаза кодексинин 98-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM