Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын ММА спортчулары Орусиядагы турнирге катышат

Кыска кабар , Спорт | 15 Янв 2021 | 886 | 0

Эртең, 16-январда Россиянын Сочи шаарында «ММА BRAVE COMBAT FEDERATION 46 — Krepost Selection-10» эл аралык турнири өтөт. Бул тууралуу «sport.kg» маалымат булагы жазды.

Турнирдин башкы атаандаштары жеңил салмак боюнча дүйнө чемпиону, орусиялык Эльдар Эльдаров жана бразилиялык мушкер Леонардо Мафра болот.

Ошондой эле аталган мелдешке Кыргызстандан Жыргалбек Чомонов, Кубанычбек Абдисалам уулу, Эркинбай Абдусаламов да катышары маалым болду.

«BRAVE Combat Federation» 2016-жылы бахрейндик Халид бин Хамад Аль Халифа тарабынан негизделген. Федерация буга чейин 20 мамлекетте өзүнүн турнирдик беттештерин өткөрүп келген. Орусия аталган мелдешти өткөргөн 21-өлкө болуп калды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM