Биз менен байланышыңыз

Индонезиядагы жер титирөөдөн каза тапкандар 34 адамга жетти (сүрөт)

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Янв 2021 | 575 | 0

Индонезиянын Сулавеси аралында катуу жер силкинүүдөн каза тапкандардын саны 34 адамга жетип, 600дөн ашуун адам ар кандай жаракат алды. Бул тууралуу «РИА Новости» маалымат булагы жазды.

Маалым болгондой, кечээ, 14-январдын кечинде очогундагы күчү 6,2 жана 5,7 баллга жеткен эки жолку зилзала катталган. Жер титирөө дале токтобой жатканын, андан бери кеминде 26 майда силкинүү болгонун жергиликтүү бийлик билдирген.

Кырсыктын кесепетинен силкинүүнүн очогу болгон Мамуджу шаарындагы жана анын айланасындагы аймактардагы үйлөр урандыга айланган. Учурда жергиликтүү куткаруучулар урандыларды казуу, басылып калган тургундарды табуу иштерин жүргүзүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM