Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык спортчулар эл аралык мелдештерде 100дөн ашык медаль утушкан

Кыска кабар , Спорт | 15 Янв 2021 | 757 | 0

2020-жылда Кыргызстандын спортчулары 61 эл аралык мелдешке жөнөтүлүп, 109 медаль утуп алышкан. Анын 27си алтын, 31и күмүш жана 51и коло. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик кабарлады.

Маанилүү эл аралык спорттук мелдештер:

-2020-жылдын 29-февралынан 13-мартына чейин Амман шаарында (Иордания) бокс боюнча Азия чемпионаты өттү;

-2020-жылдын 16-24-февраль күндөрү Нью-Дели шаарында (Индия) күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпионаты өттү. Кыргызстандык спортчулар грек-рим күрөшү боюнча 5 медаль утуп алышкан (2 күмүш, 3 коло), эркин күрөш боюнча 4 медаль утуп алышкан (2 алтын, 2 коло), кыз-келиндер арасында күрөш боюнча 2 медаль утуп алышкан (1 күмүш, 1 коло);

-2020-жылдын 12-18-декабрь күндөрү Белград шаарында (Сербия) күрөштүн түрлөрү боюнча Дүйнө Кубогу өттү, ата мекендик спортчулар грек-рим күрөшү боюнча 3 медаль (1 алтын, 2 коло), эркин күрөш боюнча 2 коло, кыз-келиндер күрөшү боюнча 3 медаль (2 алтын, 1 коло) утуп алышкан.

-2020-жылдын 3-9-ноябрь күндөрү Нови Сад шаарында (Сербия) самбо боюнча Дүйнө чемпионаты өттү, биздин спортчулар самбо боюнча 2 медаль утуп алышкан (1 күмүш, 1 коло), күжүрмөн самбо боюнча 4 медаль утуп алышкан (1 күмүш, 3 коло);

-2020-жылдын 11-13-декабрь күндөрү Казань шаарында (Орусия) белбоо күрөшү боюнча Дүйнө чемпионаты болуп өттү. Ата мекендик спортчулар 17 медаль утуп алышкан (2 күмүш, 15 коло);

-2020-жылдын 17-20-декабрь күндөрү Москва шаарында (Орусия) самбо боюнча Дүйнө Кубогу (А.Харлампиев мемориялы) болуп өттү. Кыргызстандык спортчулар самбо боюнча 12 медаль (5 коло), күжүрмөн самбо боюнча 7 медаль утуп алышкан (3 күмүш, 4 коло).

Мындан тышкары, 2020-жылы республиканын аймактарында 159 спорттук-массалык иш-чаралар өткөрүлүп, аларга 14895 адам катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM