Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирустан дагы үч адам каза болду

Кыска кабар | 15 Янв 2021 | 490 | 0

Кыргызстанда 15-январга карата коронавирус илдетинен үч адам каза болду. Республикалык штабдын маалыматы боюнча, Бишкек шаарында, Чүй облусунда жана Ош облусунда катталды. Муну менен COVID-19 вирусунун өлүм учурлары 1381ге жетти.

Акыркы бир суткада 134 адамдан вирус аныкталды. Өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 82 миң 857ге жетти.

Ошол эле күнү 152 бейтап илдеттен айыгып, сакайгандардын жалпы саны 78 миң 715ти түздү.

Бир сутка ичинде медициналык кызматкерлер арасында коронавирус катталган жок. Ал эми стационардан – 2, үй карантининен — 4 медкызматкер чыгарылган.

Жалпы 4150 медик вирус жуктуруп алган, анын 4046 медкызматкер сакайды.

Copyright © 2017 Maral FM