Биз менен байланышыңыз

Мугалимдин көкөйүнө тийген кагаз иштери канчалык кыскартылды?

Билим-маданият | 15 Янв 2021 | 1403 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги 2021-жылдын башынан тарта жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдери тарабынан жүргүзүлгөн бир катар иш кагаздарын кыскартты. Тактап айтканда, төмөнкү документтерди жүргүзүү милдеттүү эмес деп табылды:

-Көчүрүү экзамендерине байланыштуу документтер (9-11-класстардагы мамлекеттик аттестациялоонун документтеринен башка);

-Мугалимдин портфолиосу;

-Өзүн-өзү өнүктүрүү папкасы;

-Аткарылган иштер боюнча фото отчеттор;

-Чакан аймак боюнча балдардын маалыматтарын топтоо;

-Аскер комиссариаты үчүн маалыматтарды, материалдарды жана бланктарды толтуруу;

-Окуу кабинетинин паспорту;

-Пландалбаган иш-чараларга, мааракелерди өткөрүүгө жана билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин ишмердиги менен байланышпаган иш-чараларга байланыштуу документтер.

«Кыскартылган документтер мугалимдин ишин канчалык деңгээлде жеңилдетти? Дагы кайсы иш кагаздарын алып салса деген ойдосуз?» — деген суроолор менен педагогдордо кайрылып көрдүк.

Ак-Талаа районундагы мектептердин биринде 26 жылдан бери эмгектенген Барчын Мамытбекова муну менен кошо ыксыз текшерүүлөр да кыскарса деген оюн билдирет.

«Азыр мектептерге электрондук күндөлүк кирген, анан журнал, анан окуучу жазган күндөлүк бар. Булар абдан көп, ушунун бирөөсүн эле колдонууга калтырса жакшы болмок. Анан да биз чейрек туралуу отчётту төрт жерге жазабыз, ушуну да кыскартса жакшы болмок. Анан көп жылдык тажрыйбасы бар мугалимге план-конспектинин канчалык зарылчылыгы бар, ушул нерсени да карап көрсө болот эле. Анткени 25 жылдык тажрыйбасы бар мугалим деле конспект жазат, 3 жылдык тажрыйбасы бар мугалим деле конспект жазат. Анан ыксыз текшерүүлөр бар, ошолорду кыскартса болот эле».

Ош шаарындагы Жетиген мектеп-лицейинин директору Зайнидин  Момунов окуу методикасы жыл башында бир эле жолу жазылып бекитилсе, ошол жетиштүү болмогун айтат.

«Чындыгында класс жетекчинин же жөнөкөй эле мугалимдин колун кармаган документтер мына ушулар болчу, булардын кыскартылганын мен колдойм. Андан сырткары мугалим эгер кайсы бир предметтен берсе, ошол предметтин документтери так болсо, абдан жакшы болор эле деген сунушту айтар элем. Мисалы, математикадан берген болсо, ошол сабактан кайсы күнү кайсы теманы өтөт, окуу планы, андан ошол сабактын иштелмеси, башкача айтканда, сабактын топтомун жылдын башында бекитип алса — ошол жетиштүү болмок».

Бишкек шаарындагы №91 мектеп-гимназиясынын мугалими Сезим Дүйшөкова документтердин электрондук форматка өткөрүлүүсүн колдойт.

«Бизде үй-бүлөлүк соцкарта деген бар, ошону да алып салса деп ойлойм. Негизи, айыл өкмөттөрдө соцадис бар да, алар бизден алып туруп эле кагаздарын толтуруп коёт. Ошон үчүн муну айыл өкмөттүн соцадисине эле толук өткөрүп берсе. Анан дагы бир сунуш, негизги документтерди электрондук вариантка өткөрсө. Завучтарга жана башкаларга кагаз менен алып барбай, электрондук түрдө эле жибере турган болсок».

Жыйынтыктап айтсак, буга чейин мугалимдердин убактысынын көпчүлүгү ар түрдүү отчетторду, документтерди толтурууга кетип, жеке изденүүсүнө, балдар менен иштөөсүнө убакыт аз бөлүнүп келген. Мындан улам өлкө педагогдору иш кагаздарынын айрым, ашыкча түрлөрүн кыскартуу сунушу менен Билим берүү жана илим министрлигине кайрылуу жолдошкон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM