Биз менен байланышыңыз

АКШнын Өкүлдөр палатасы Дональд Трампка импичмент жарыялоону колдошту

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Янв 2021 | 621 | 0

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы «Президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо жөнүндө» резолюцияны колдоп беришти.

Белгилей кетсек, АКШ мыйзамдарына ылайык, импичмент резолюциясынын өтүүсү үчүн Өкүлдөр палатасынан 218 конгрессмен макулдугун берүүгө тийиш. Бул жолку демократтардын демилгесине айрым республикачылар да кошулуп, жалпы 232 макул, 197 каршы добуш менен долбоор кабыл алынды.

Эми мыйзамдын талаптарына ылайык, аталган чечимдин негизинде Сенаттар палатасы соттук териштирүүгө алуусу керек. Андан соң добушка коюлуп, 67 сенатор макул болгон учурда, чечим күчүнө кирет. Айрым саясат талдоочулар Сенаттар палатасы бул ишти 20-январга чейин создуктуруп, жаңы президент Жо Байден кызматына расмий киришкенден кийин, жаап салышы мүмкүн деген божомолдорун айтышууда.

Президентке импичмент жарыялоо демилгесинин көтөрүлүшүнө 6-январдагы Трамптын тарапташтарынын козголоң чыгарып, Капитолийди басып алуусу себеп болгон. Өкүлдөр палатасынын спикери Ненси Пэлоси Трамптын тарапташтарын баскынчы атап, учурдагы президентти «Биздин өлкөбүзгө козголоң чыгаруу үчүн тарапташтарын атайын тукурду», — деп айыптаган.

Айта кетчү жагдай, муну менен Өкүлдөр палатасы Трампка экинчи жолу импичмент жарыялап жатат. Буга чейин 2019-жылдын сентябрь айында да Өкүлдөр палатасынын спикери Ненси Пэлосинин демилгеси менен президентке ишенбөөчүлүк көрсөтүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM