Биз менен байланышыңыз

ДССУнун эксперттери Кытайдын Ухань шаарына келишти

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Янв 2021 | 595 | 0

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун эксперттери Кытайдын Ухань шаарына келишти. Бул тууралуу Орусиянын басылмалары билдирди.

Маалым болгондой,  Япония, Катар, АКШ, Орусия, Германия, Вьетнам, Австралия, Нидерланды, Улуу Британия, Дания өлкөлөрүнүн вирусологдору коронавирустун алгачкы очогу болгон Ухань шаарында аталган илдеттин келип чыгуу себептерин изилдешет.

Буга чейин эксперттик топтун жетекчиси, вирусолог Марион Купманс «СGTN» телеканалына берген маегинде коронавирус инфекциясынын келип чыгуусуна Кытай өлкөсүн бир беткей күнөөлөй берүү туура болбой каларын, мунун түпкү себептерин, адамга кантип жукканын жеринен иликтөөнү туура көрүп жатышканын билдирген.

Эксперттик топту Ухань аэропортунун сыртынан атайын вирустан коргоочу кийим кийген тез жардам кызматкерлери тосуп алып, 14 күндүк карантинге алып кетишти. Эми алар өз ишин баштоосу үчүн Кытай бийлиги талап кылган 2 жумалык карантинди так сактоого тийиш.

Бул аралыкта алар Кытай дарыгерлери менен онлайн жыйындарды өткөрүп, жүйөлөрүн угушат. Эксперттик топтун иликтөө иши бир айга созулат деп болжолдонууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM