Биз менен байланышыңыз

Эстониянын премьер-министри отставкага кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Янв 2021 | 553 | 0

Эстониянын премьер-министри Юри Ратас отставкага кетүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жарыялады.

«Саясатта кыйын кырдаалды жөнгө салуу үчүн оор чечим кабыл алуу керек. Азыркы чиеленишкен жагдайдан улам, ички сапаттарыма таянып, Эстониянын премьер-министри кызматымдан кетүүнү чечтим. Бул чечим «Орточул» партиясынын башкармалыгынын жана жакындарымдын кеңешинен кийин кабыл алынды», — деп жазды Юри Ратас.

Өкмөт башчынын мындай чечимге келүүсүнө өзү жетектеген «Орточул» партиясынын башкы катчысына кылмыш ишинин козголушу себеп болгон.

Кечээ, 12-январда Эстониянын Коопсуздук полициясы жана Башкы прокуратурасы Таллиндеги «Porto Franco» соода-кеңсе комплексин курган компаниядан пара алган деген шек менен «Орточул» партиясынын баш катчысы Михаил Корбго жана бул ишке катышы бар делип шектелип, Финансы министринин кеңешчиси Керсти Крахтка жана ишкер Хиллари Тедерге кылмыш ишин козгогон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM