Биз менен байланышыңыз

Молдова: Тышкы иштер министри өкмөт башчылык милдетти да аткарат

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Янв 2021 | 549 | 0

Молдованын президенти Майя Санду Тышкы иштер министри Аурелий Чокойду премьер-министрдин милдетин аткаруучу кылып дайындады. Бул тууралуу Молдова президентинин расмий сайтына жарыяланды.

Аурелий Чокой Тышкы иштер министрлигине 2020-жылдын 9-ноябрында дайындалган. Ага чейин ал Молдованын Кытайдагы, Германиядагы, Даниядагы элчиси, буга чейинки президент Игорь Додондун ички саясат боюнча кеңешчиси кызматтарын аркалаган.

Белгилей кетсек, Эстониянын буга чейинки өкмөт башчысы Ион Кику кызматынан кеткен. Буга себеп жаңы шайланган президент Майя Сандунун кескин сыны болгон. Ал пандемия учурундагы өкмөттүн шалаакы ишин сындап, кызмат ордун өткөрүп берүүнү талап кылган.

Молдованын Башмыйзамына ылайык, премьер-министр кызматынан кеткенден кийин, министрлер кабинети да толук отставкага кетип, жаңы өкмөт келгенге чейин, убактылуу милдетти аткарып турушат. Ал эми жаңы өкмөттү өлкө парламенти 45 күндүн ичинде курап, президенттин кол коюусуна жөнөтүүгө тийиш.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM